Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишин кароо улантылат.
Ишти карап жаткан судья Эмилбек Кайыпов буга чейинки болгон сот отурумун бүгүнкү күнгө жылдырып, эки ишкананын өкүлдөрүн даярданып келүүнү өтүнгөн болчу.
Ал сот отурумунда "Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасы энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылынган.
Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.
Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.