Орусиянын Хабаровск крайынан 4 жаштагы "маугли" бала табылды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазууда. Андагы маалыматтарга караганда, 4 жаштагы Кириллди Калыбына келтирүү борборунун атайын кызматкерлери жапайы шартта жашап жаткан жеринен алып кетишкен.
Баланын мындай окуясын ЖМКларга жергиликтүү ишкер Евгений Черепанов айтып берген. Анын билдиришинче, ал өзүнүн мурунку жумушчусуна жатаканадан бөлмө берип, жылуулук жана электр жарыгынын чыгымын өз колуна алган. Башында баары жакшы болгону менен, бара-бара жатакананын бөлмөсү мал сарайга айланып кеткен.
Мурунку жумушчусунун аялы күнү-түнү спирт ичимдигин ичип, баласын кароосуз калтырган. Бул учурда бала көчөгө чыгып, байлоодо турган иттер менен достошуп, күндөн-күнгө алардын кылык-жоругун, кыймыл-аракетин кайталай баштаган. Ошондой эле жүк ташуучу унаалар өткөн чоң жолго чыгууну адатка айланткан. Мындай окуяга күбө болгон Черепанов Кирилл боюнча атайын борборлорго кайрылган. Полицияга экинчи жолку кайрылуусунан кийин гана баланы Калыбына келтирүү борборуна алышкан.
Кириллдин ата-энеси баласын кайтарып алууну кааласа атайын дарылоодон өтүүсү керектиги айтылат.