23-ноябрда 2004-жылы "World of Warcraft" онлайн компьютердик оюну ишке киргизилип, жылдын "Эң мыкты оюну" аталган. Бул тез арада өз күйөрмандарын таап, 2012-жылы иштеп чыккан компанияга 10 миллиард АКШ долларын түзгөн киреше алып келген. Азыркы күндө компьютердик оюндар менен алек болгондордун саны арбын. Айрым компьютердик оюндарга бир учурда миллиондон ашык оюнчулар кирген убакыттар аз эмес. Бир нече жылдан бери компьютердик оюндар боюнча мелдештер уюштурулуп, байге фонддору 1 миллион доллардан 100 миллион доллардан жогорку бааны түзөт.
Ошондой эле компьютердик оюндарды киберспорт деп атап, олимпиаданын программасына киргизүү сунуштары каралып жатат.
SUPER.KG порталы "World of Warcraft" онлайн компьютердик оюнунун 14 жылдык маарекесине сиздер үчүн тест даярдап, жалпы компьютердик оюндар тууралуу билимиңизди текшерип алууну сунуштайт