Италиянын башкы ажайып жайларынын бири, кыйшайып турган Пиза мунарасы түздөлүп баштады. Бул тууралуу окумуштууларга таянып, чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, 25 жыл ичинде мунара 4 сантиметрге түздөлдү.
Пиза мунарасы 12-кылымдын аягында курулуп жатканда куруучулар жер кыртышынын өзгөчөлүгүн эске албагандыктан, 5 жылдан кийин кыйшайып калган. Көрсө, пайдубал турган түштүк тарапта кум менен топурак жумшагыраак болгон.
1990-жылы мунара кулап кетүү коркунучунан улам жабылып, 1993-2001-жылдары адистерден турган эл аралык команда түздөтүү иштерин жүргүзгөн. Буга 200 миллион фунт стерлинг (дээрлик 18 миллиард сом) коротулган. Иштер 2001-жылдын 15-декабрында аяктап, Пиза мунарасы туристтер үчүн кайра ачылган. Бүгүнкү күндө эксперттер аны текшерип, абалын байкап турушат.
Айта кетсек, жыл сайын Пиза мунарасын көрүү үчүн 3,5 миллиондон ашуун турист келип турат.