Британияда камакка алынган күчүк боштондукка чыкты. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, өлкөнүн миңдеген тургундары Бангл аттуу 4 айлык күчүктү коргоо боюнча петицияга кол коюшкан. Полиция коомчулуктун басымынан улам аны эркиндикке чыгарышты.
Бангл полиция кызматкеринин колун тиштеген күчүк 10 айга камакка алынган эле. Окуя Британиянын Нортгемптоншир графтыгында болгон. Анда күчүк көчөгө чуркап чыгып, унаалардын тыгынын жараткан. Бул учурда полиция кызматкери күчүктү кармаганга аракет кылып жатканда Бангл анын билегин жана манжасын тиштеген. Бул окуядан кийин күчүктү полиция бөлүмүнө алып келип "коркунуч жараткан иттер" актысынын негизинде камакка алган. Жергиликтүү тургундар мындай чечимге каршы экенин социалдык тармак аркылуу айтып, күчүктү боштондукка чыгаруусун талап кылган.
Банглдын кожоюну Дэвид Хэйс полиция кызматкерлерин сыйлай турганын, бирок алардын бул кылганы ашыкча экенин билдирген. "Коркунучтуу иш жасабагандан кийин күчүктү камакка алуу туура эмес. Азыр Бангл коркуп жатат, стресске кабылды" деген.
Ал эми полиция кызматкерлери аларды сындагандарга карата "эгер ушул эле күчүк баланы тиштеп койсо же унаалардын кагылышуусуна алып келсе коомдун реакциясы башкача болмок" деген жооп кайтарган.