Бишкектеги 6-кичи райондо окуучулардан акча алып жүргөн 17 жаштагы жигит кармалып, сурак берүүдө
Бишкек шаарында 17 жаштагы Амантур аттуу өспүрүм кармалганын Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Ал 6-кичи райондо жайгашкан орто мектептердин биринде 14 жаштагы окуучулардан 100 жана 300 сомдон акча чогултуп жаткандыгы тууралуу бир нече арыз келип түшкөн. Учурда Амантур кармалып, сурак берүүдө.