Мигрант болуп барып, актёр болуп кетти. Орусиянын элүүдөй фильмине тартылган Чыңгыз Калбердиевдин баяны

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

"Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик мекемелерде иштеп жүрүп айлыгым башкага эмес, түштөнүүгө жетпей калганда Орусияга келе бердим" деп маектешим Чыңгыз Калбердиев сөзүн баштады. Ал акыркы 4 жыл ичинде Орусиянын 50 чакты фильмине тартылууга үлгүргөн. Айтымында, аны тасма жаратуучулар өңүнө, боюна, жүзүнө карап төп келген ролдоруна чакырып турушат. Биз андан Орусиянын кинематографиясына кантип аралашып калганын сурадык.

"Окугум келбей, Ош шаарындагы университеттен айдалып кеткем"

- Мен 1984-жылы Өзгөн районуна караштуу Эркин-Тоо айылында туулуп, чоңойдум. Атам өмүр бою айыл башчы, апам медайым болуп иштеди. Беш бир туугандын эң уулусумун. 2001-жылы мектепти аяктап, Ош мамлекеттик университетине окууга тапшырып, бир жылдан кийин окуудан чыгарып жиберишти. Окугум келген жок. Андан кийин Орусияга келип 5 жыл ар кайсы жумушта иштеп жүрдүм. Кийин түшүнсөм, менин окууну таштаганыма кесипти туура эмес тандап алганым себеп болуптур.

"Телеканалдарда иштеп, алган айлыгым түштөнүүгө жетпей калганда, кайра Орусияга жөнөдүм"

- 2008-жылы Орусиядан Бишкекке келип, КТРКда оператор болуп иштеп баштадым. Андан кийин ЭлТР коомдук телеканалында 4 жыл эмгектендим. Андан алган айлык маянам батирдин ижарасы менен түштөнүүгө жетпей калганда кайра Орусияга келүүнү чечтим. Бирок бул ирет мен чоң максаттар менен келишим керек деген ойду бекемдеп алдым. Орусияга келе жатканда эле бул жактын тасма талаасына аралашам деген максат менен келдим.

"Кыргыздар Москвада да той өткөрүп турат"

- Москвага келип тойго чоң көңүл бөлгөн кыргыз калкы Орусияда деле чоң-чоң тойлорду өткөрөрүн көрүп, аны видеого тартып акча тапса болорун ойлонуп койдум. Бир жылдай ар кандай кара жумуштарда иштеп, акча топтоп видеокамера сатып алдым. Ошентип Москвадагы тойлорду тарта баштадым. Кийин атайын студия ачып, кызматка сүрөт тартуу, үн жаздыруу, Москвадагы кыргыз ырчылардын видеоклиптерин тартууну коштум. Учурда да бул иш менен алектенип келем.

"Адам жашоодон эмнени издесе, ошону табарына көзүм жетип калды"

- 2014-жылы мигрант кыздын тагдыры жөнүндөгү "Айка" тасмасына кастинг өтүп жатты. Ага катышып өтүп кеттим. Кыргыз өлкөсүндөн келип, 10-15 адам бир бөлмөдө кыйналып жашаган мигранттын эпизоддук ролун жараттым. Ошол тасма аркылуу мага дагы башка кинолорго жол ачылды. "Вратарь Галактики" тасмасында, "Отель Элеон" сериалынын быйылкы сезонунда кытай улутундагы адамдын ролун жараттым. "Бабушка лёгкого поведения" комедиясынын биринчи бөлүмүндө, "Большая поэзия" фильминде, "Год культуры" сериалында эпизоддук ролдорду аткардым. Эми тартылган тасмалар көп эле, элүүдөн ашат. Мага көбүнчө кытай, япон, вьетнам, айтор, азиат түспөлүндөгү адамдардын образын жаратуу берилет. Мен жөндөн-жөн эле кино жаатына кирип калган жокмун, бул жолду тапканга чейин эчен жылдар өттү. Издендим, үмүт үзүп, кайра күчтөнүп аракетти баштаган күндөр көп болду. Азыр, буюрса, кыялдарым четинен ишке ашып келе жатат.

«Азиат түспөлүндөгү адамдардын ролуна бат алынам»

"Орусиянын кино жаатында эмнелерди үйрөндүм?"

- Учурда тасмага тартылуудан тышкары жарнамалык роликтерге да сунуштар түшүп турат. Тасмага тартылуу үчүн гонорар ар кандай берилет, ал жараткан ролдон, эпизоддон, долбоордун бюджетинен көз каранды. Орто эсеп менен айтканда, 5 миң рублдан 30 миң рублга чейин алам. Өзүмдү тасмага тартылууда режиссёрлорду кыйнабайм деп билем. Алдын ала сценарий берилет, сөздөрүмдү жаттап, даярданып барам. Актёрлордун арасында уялып кеттим, башым ооруп турат, курсагым ачып жатат деп режиссёрлордун кыжырына тийгендер болот. Бул жаатта менде маселе жок.

Негизи Орусия өзүнүн кинематографиясына аябай чоң көңүл бурат. Бул тармактын өзүнүн чоң миссиясы, идеологиясы бар. Жаштарды тарбиялоого, мамлекеттүүлүктү сактоого арналган көптөгөн долбоорлор ишке ашып турат. Учурда Кыргыздын тасма тармагы да жакшырып келе жатат, тасма тартууда өзүбүздүн улуттук үрп-адат, каада-салттарыбызды чагылдырсак башкаларга жакшы сиңет, кабыл алынат. Голливудду, батышты туурасак, бизди эч ким кабыл албайт.

"Алдыда чоң-чоң пландар бар"

- Бишкекте жүргөндө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин режиссёр жана актёрлук чеберчилик факультетине окууга тапшыргам. Бирок каражаттын жетишсиздигинен аны да таштап Орусияга келе бергем. Дипломум же атайын билимим жок деп өзүмдүн максатымды ишке ашырууга шылтоо, актануу издеген жокмун. Дагы алдыда көптөгөн пландар бар. Өзүм режиссёрлук кылып жакшы тасмаларды тартсам дейм. Мекениме кайтып, өзүбүздүн кино, телеберүү жаатына салым кошсом деген ойлорум бар.

Бул жакта кээде менден Орусиянын жараны эмес экенсиң деп ролдорду кайра алып койгон учурлар болот, ошентсе да Орусиянын жарандыгын ала элекмин. Айтарым, максатка жетүүгө ишенич, эмгек, жеңилбестик керек экен.


кошулду
Москвага мигрант болуп барып Орусиянын элүүдөй тасмасына тартылган Чыңгыз Калбердиевдин баяны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aidinaernur
2018-12-05 16:44:13
Азамат!!!
Максатына жет
Пландарын ишке ашсын!
Кыргыздын жакшы жактарын корсотуп, дуйного тааныт. Ийгилик коштосун!!!
+19
Ibragim.osh2016
2018-12-05 16:46:24
монголдорго окшоп кетет экен)))
+11
CEO1
2018-12-05 16:52:10
Кыргыздан келди дейби, кайсы кыргыз жонотуптур?!....
-16
Matahara1980
2018-12-05 17:19:11
CEO1,сен биринчи окуп чык кайдан кантип барганы жазылып туратго тушунуктуу эле, окубай туруп жанталашып коммент жазбай
+11
ekaterinburg
2018-12-05 17:36:14
Тырышчаак экенин корунуп турат.Молодец.Тажрыйбанды кобойтуп,озубуздо соонун кинолорду жарат!
+9
Nanei
2018-12-05 18:00:01
Жон эле жакшы тилек каалап койгула!!! Максатына жет. Мигрант болгон да оной эмес!
+12
taalay25
2018-12-05 21:50:57
Москвада эки уч жолу жолугуп калдык эле. Кийин золотая коронанын ролигине тартылып суроттору Москвадагы остановкаларда илинип турду. Киного аралашып кеткенин эми окудум,
+1
Ice-creme
2018-12-05 23:22:22
Жакшы кабар окуган кандай сонун. Мекендеш сизге ийгилик !Ботон жерде ийгиликтерди багынта бериниз.
+4
Дарыгер
2018-12-06 03:34:50
Азамат! Ийгилик каалайбыз!
0
Istina1000
2018-12-06 17:08:31
Азаматсын, мындан ары да чон чон ийгиликтерди жарата бер. Биз колдон келсе жардамыбызжы аябайбыз.
0
Shamdagai2013
2018-12-06 19:04:10
Москвада биздин Жентек тойду тартып,мантаждап берген болчу.Азамат ийгилик!
+1
Siren.ms
2018-12-06 23:53:24
Озгондук экенда азаматсын негизи эле Оштук жигиттер намыской чыйраак келишет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан