Жорж Герберт Уокер Бушту акыркы сапарга узатуу зыйнатында АКШнын 5 президенти чогулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, АКШнын экс-президенти Жорж Герберт Уокер Буш менен коштошууга мурдагы президенттер Жимми Картер, Билл Клинтон, Барак Обама, Жорж Уокер Буш жана Дональд Трамп барган.
"АКШнын 41-президенти Жорж Герберт Уокер Буш менен коштошуу зыйнаты 5-декабрда Вашингтондо өттү. Каза болгон экс-президенттин уулу Жорж Уокер Буш атасы жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал атасы мамлекеттик кызмат эң керектүү иш экенин үйрөткөнүн айтты. "Атам улуу адам эле" деди. Экс-президенттин сөөгү Техаста жерге берилет", - деп жазышат басылмалар.
Жорж Герберт Уокер Буш 30-ноябрда көз жумган. Анын ден соолугу жубайынын өлүмүнөн кийин кескин начарлап кеткен.