"Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?"
Чыңгыз Айтматов - бүгүнкү күндө ар түрдүү улуттагы, ар түрдүү диний, саясий ишенимдеги ар түрдүү кесиптеги жана ар кыл жаштагы миллиондогон окурмандардын сүйүктүү жазуучусу.
"Жамийла", "Бетме-бет", "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт", "Кассандра тамгасы", "Кылым карытар бир күн", "Тоолор кулаганда" - булардын ар бири таасирдүүлүгү, жан дүйнөнү күүгө келтирер көркөмдүгү менен окурмандын турмуштук тажрыйбасын байытып, түшүнүгүн арттырат.
Жазуучу көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-декабрда 90 жашка чыкмак. Кыргыздын сыймыгы тууралуу кызыктуу фактылар жөнүндөгү тесттен билимиңизди сынап көрүңүз.