УКМК: "Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын кызматкери пара менен кармалды"

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын коменданттык кызматынын бөлүм башчысынын орун басары пара менен колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Мурдараак УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдарынын негизинде Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши ачылган. Ыкчам иштердин натыйжасында 13-декабрда бөлүм башчынын орун басары 18 миң сом пара алып жатканда кармалган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери башталды", - деп билдирет маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Feiza1982
2018-12-13 22:27:49
Балык башынан сасыйт мына ушинтип өзүнөрдөн баштагыла ошондо акыйкат жашоо болот!!!
+3
General.kg
2018-12-13 23:18:25
Feiza1982,куралдуу күчтөр деп жатат Улуттук коопсуздук кызматы эмес!
0
Asiamoll
2018-12-13 23:11:41
ГКНБ бул эс нерсе эмес дагы чукусаңар толтура чыгат мындайлар
+5
Skarlett-Skarlett
2018-12-13 23:22:08
Оо,Кыргызстаным белчесинен коррупцияга батып калганын коруп журогум ооруйт.Кайран гана бир ууч элим!!!
+3
faraon312
2018-12-13 23:43:55
Бул кемпайларга эч нерсе сабак болбойт окшойт.. Кудайдан коркпогон маңкурттар!
+4
zahid
2018-12-14 02:10:31
Окуу жайлардагы паракорчулукка качан конул бурулат
+4
munar1980
2018-12-14 06:16:33
Айыл окмоттордо Пособие боюнча иштеген кызматкерлерди катуу текшерууго алгылачы корупциянын баары ошол жактан башталат Мисалы Сузак айыл окмотун текшергиле нагло эле акча берсен откозом пособие чыгарам деп акча алышат канча балан болсо ошончо мин бериш керек мисалы 5 бала 5 мин сом акча болсо милонер болсо да пособие алса болот.
+1
Boha1
2018-12-14 09:57:35
Коррупция Кыргызстанда кеңири жайылган. Баардык жерде коррупция.
0
Erik2018
2018-12-14 10:29:40
Азыр коррупция менен күрөш кызуу жүрүүдө. Жыйынтыгы жаман эмес, тазалануу бир топ эле болду.
0
Jaznura
2018-12-14 10:29:45
Азыр чиновниктер коррупция дегенди уккканда, чачы тик туруп атат. Бул да болсо президенттин коррупция менен курошуусунун жыйынтыгы
+2
Baku88
2018-12-14 10:49:23
Өлгөнү калышкан го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан