Таза экологияга салым кошом десеңиз унааңызга газ орнотуңуз

Борбор калаабызда унааларга газ баллон жабдыктарын орнотуучу ишканалардын саны 20дан ашат. Алардын арасында сапаттуу жана сапатсыз жабдыктарды орноткондор да бар. ATIKER ишканасынын директору Кубанычбек Мийнекеев сапаттуу жабдыктарды орнотуу боюнча жана газдын экологияга таасири тууралуу айтып берди.

Белгилүү болгондой, учурда Бишкек шаарында гана эмес, өлкөбүздүн көпчүлүк аймагында абанын булганышы эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп турат. Кубанычбек Мийнекеев мунун себептеринин бири бензин жана дизель менен жүргөн унаалар экенин айтты.

“Борбор калаабызда бензин менен жүргөн жүргөн унаалардын саны арбын. Бул экологиянын бузулушуна алып келип, тургундарыбыздын ден соолугуна таасирин тийгизет. Газ менен жүргөн унаалардын экологияга тийгизен таасири 2-3 эсе азыраак. Анткени газ күйгөндөн кийин буу сыяктуу абага аралашып кетет. Ошондой эле бензин менен газдын тазалыгы октан саны менен эсептелсе, бензиндин октан саны 76, 80, 92, 93, 95, газдын октан саны 108-110. Бул газ экологияга терс таасир тийгизбей турганын билдирет”.

"ATIKER ишканасы кардарларга сапаттуу жабдыктарды коюп берүүгө кепилдик берет. Анткени ATIKER бул дүйнөгө жайылган бренд катары 60ка жакын мамлекетте кардарларын сапаттуу жабдуулар менен камсыз кылат. ATIKER’дин заводу Түркияда Конья шаарында жайгашып, жабдууларды италиялык технология менен 1971-жылдан бери жасап келет".

"Биздин адистер газ жабдыктарын орнотуу алдында кардарларыбыздын унааларынын кыймылдаткычын компьютердик диагностикадан акысыз өткөрөт. Бул газ жабдыктарын орноткондон кийин кыймылдаткычтын иштөөсүн баалап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгерде газ жабдыктар туура эмес орнотулуп же начар сапаттагы жабдык колдонсоңуз, унааңыздын ичинде газдын жыты, тартуу күчү начар болуп, тез түгөнүп калышы мүмкүн. Биздин ишканадагы газ жабдууларын орноткон адистер өз ишине мыкты эсептелинет. Алардын арасында чет өлкөлөрдө кесипкөйлүгүн арттырып келишкендер дагы бар".

“Суюлтулган газ бензинден таза жана жакшы бууланат, мындан улам газ майлоочу майды суюлтпайт жана булгабайт. Аба менен жеңил аралашып, тегиз, бир калыпта күйөт. Натыйжада майлоочу майдын иштөөсү 1,5 эсеге жогорулайт. Күйүү процесси басымдын жай өсүүсү менен жүрүп отургандыктан машинанын валын айланта турган рычагга жана кыймылдаткычтагы поршенди вал менен бириктирүүчү бөлүккө аз күч келет. Газдын курамында күйүү камерасынын бөлүктөрүнө жана катализаторго зыян алып келүүчү химиялык күкүрт жана коргошун жок. Газ күйгөндө поршень, клапан, от алдыруучу шамдарда көө пайда болбойт. Газдын күйгөнүн үйдө колдонуучу газ плитасы менен салыштырсаңыз болот”.

Экологиянын тазарышына салым кошуп, бензинге сарптаган каражатыңызды үнөмдөгүңүз келсе, анда унааңызга газ баллон жабдыгын орнотууңузду сунуштайбыз.

Сапаттуу газ баллон жабдууларын орнотуу боюнча толук маалыматты 0777 902 902, 0507 902 902, 0557 902 902 номерлерине чалып билсеңиз же www.atiker.kg сайтынан алсаңыз болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан