Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны көптөн бери кайталана элек ылгоо менен өттү

Бүгүн, 19-декабрда Сооронбай Жээнбеков бир жылдык президенттик ишинин жыйынтыктарын баяндамак максатында журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева: "84 жалпыга маалымдоо каражатынан 177 журналист катталган, анын 40ка жакыны суроосун берди", - деди.

Тактап айтканда, президентке суроо берем деп келген журналисттердин жарымынан көбүнө собол узатууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Мындан улам, президенттик аппарат бул маалымат жыйынды уюштурууда "калың эл" чогултуу максатын көздөгөнбү деген суроо жаралат.

Маалымат кызматынын президентке суроо берүү тартибин өзгөртүп салганы көп сындарды жаратты. Ошондой эле президенттик аппараттын тээ илгерки Бакиевдин кезиндегидей собол берүүчү ЖМКларды көзөмөлдөө аракети, президентке "ыңгайлуу" суроо берчүлөргө кеңири орун бергени ачык байкалды. Журналисттер жылдагыдай микрофонго кезекке турууга көнүп калганы үчүн аларга президенттик аппараттын басма сөз кызматы тарабынан тизме аркылуу собол узатуу жаңычылдыгы жаккан жок. Эки жактын ортосунда талаш-тартыш жаралып, президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева кол көтөрүү аркылуу суроо бересиңер деди. Жыйынтыгында Стамалиева өз тандоосуна жараша журналисттерди ылгап, "Супер-Инфо" гезитинин өкүлү Автандил Добулбеков өңдүү журналисттерге суроо берүү мүмкүнчүлүгү "күтүүсүз кокустуктан" улам берилбей калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан