Өткөн апта ичинде жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусу боюнча мас абалында унаа башкарып жүргөн 33 айдоочу кармалып, 102 айдоочунун унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 17-декабрдан 23-декабрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусу боюнча жалпы 3 миң 774 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Мунун ичинен 454 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 5 айдоочу, документи жок унаа башкарган 34 айдоочу жоопко тартылган.