Бразилияда тик учак эл жашаган аймакка кулап түшүп 1 адам каза болду

Бразилиядагы Убатуба шаарында тик учак эл жашаган аймакка кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен ошол аймакта жолдо бара жаткан 1 адам каза болуп калган. Ал эми тик учактын ичиндеги 2 адам жаракат алганы менен аман калышкан. Учурда алардын абалы орто деп айтылууда.

Белгилүү болгондой, кырсык кечээ, 1-январда болгон. Тик учактын бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин гана бир тетиги сынык экендиги белгилүү болгон. Аны башкарып бара жаткан учкуч шашылыш түрдө токтотом деп жатып башкарууну жоготкон.

Ал эми адистер кырсык күйүүчү майдын сыртка агып кеткендигинен улам болгонун айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан