Ата-энеси таштап кеткен баланын тагдырын чагылдырган "Жер тоголок" тасмасынын бет ачары болду

Бүгүн, 2-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Жер тоголок" аталышындагы тасманын бет ачары болуп өттү. 2019-жылдын алгачкы комедия жанрындагы тасмасын көрүүгө эстрада жылдыздары, белгилүү актёрлор жана режиссёрлор келишти.

Тасмада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева, режиссёр Назым Мендебаиров, Жеңишбек Сманов, "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков, Самат Эркинбеков жана ырчы Тынай Алыбаев роль жараткан.

"Жер тоголок" тасмасынын режиссёру Кубаныч Курманбековдун айтымында, бир учурда тасмага тартылып, режиссёрлук кылуу оӊойго турган эмес. Ал "тасмага тартылуу үчүн 1 жыл чачымды алдырган жокмун", - дейт.

Аталган тасманын продюсери Рүстөм Аскенов "Жер тоголок" 9 ай аралыгында тартылып, көпчүлүк эпизоду борбор калаада, ал эми айрым эпизоддору Ысык-Көл облусунда тартылганын айтат.

"Бул тасмабызга трагедия менен комедияны аралаштырдык. Андыктан көрүүчү бир учурда көзүнө жаш алып, күлөт. Тасмага жумшалган каражаттын суммасы толук эсептелип бүтө элек. Орто эсепте 50 миң долларга жакын каражат жумшалды", - деди Аскенов.

Тасманын мазмуну жөнүндө кеп кыла турган болсок, башкы каарманы Арман кичинекей кезинде ата-энеси таштап кетип, психикалык ооруканада чоңоёт. Ата-эне мээримине зар болгон бала алар менен жолугууну самап өзүнүн жакын досу Маэстро менен ооруканадан качып кетет. Арман көздөгөн кыялына жетип, ата-энесин таба алабы? Буга жоопту "Жер тоголок" тасмасынан ала аласыздар.

Тасма 3-январдан тартып Бишкек жана Ош шаарларынын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.


кошулду
Самат Эркинбеков менен Кубаныч Курманбеков "Жер тоголок" тасмасы үчүн бир жыл чач өстүрүшкөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2019-01-03 01:46:59
50 мин доллар коп эмеспи?Ышкыртып койду окшойт
0
Nurzada_0111
2019-01-03 01:53:59
Чымкоргондук качкын беле ызы чуу болуп жургон ушу кинобу? Же адаштымбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан