Кыргыз Эл артисти Эсенбүбү Нурманбетова узакка созулган оорудан улам көз жумду

Кыргыз Эл артисти, опера ырчысы, педагог Эсенбүбү Нурманбетова узакка созулган оорудан улам көз жумду. Аталган кабарды маданият кызматкерлери тастыкташты.

Маалыматка караганда, Нурманбетова 2-январда 62 жашында дүйнө салган. Коштошуу зыйнаты 4-январда саат 10:00дө Бишкекте өтөт.

Эсенбүбү Тургунбековна 1957-жылы 13-июнда Талас облусуна караштуу Талас районунун Чоң-Алыш айылында туулган. 1964-1974-жылдары орто мектепти аяктаган.

1974-1978-жылдары Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун, 1978-1984-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун вокалдык-оркестрлик факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1984-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти болуп баштаган.

А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин "Токтогул" операсында Валентинанын, ушул эле авторлордун "Айчүрөк" операсында Калыймандын, "Манас" операсында Канайымдын, "Ажал ордуна" музыкалык драмасында Зулайканын, Н.Давлесовдун "Курманбек" операсында Гүлайымдын ролун жаратып, калың элге таанылган.

SUPER.KG порталы Эсенбүбү Нурманбетованын үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан