СИЗОдо отурган депутат Осмонбек Артыкбаевге операция жасалды (толукталды)

СИЗОдо отурган депутат Осмонбек Артыкбаевге операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Артыкбаев учурда ооруканада жатат. УКМКнын басма сөз кызматы депутат качан операция болгону боюнча маалымат берген жок. УКМКнын тергөө абагында отурган Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу 4-декабрда ооруканага жаткырылган. 2018-жылы жайында Артыкбаев Улуттук кардиология борборунда дарыланган.

Анын жактоочусу Айжан Орозакунова SUPER.KG порталына билдиргендей, депутат омурткасынан операция болду. "Учурда ал Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат. Анын ден соолугун калыбына келтирүү иштери жүрүүдө", - дейт жактоочу.

Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына отургузулган. Ошондой эле ага козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында мүлктөрү камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
taalay25
2019-01-05 13:14:19
Чиновниктердин баары инвалид бизде. Иш козголсо эле баары ооруп жатып калат.
+16
Muslim_KGstana.
2019-01-05 14:17:38
taalay25,операция болдуву демек ооруп жатат,Кудай сактасын дегиле.
-2
taalay25
2019-01-05 14:30:13
Muslim_KGstana.,)))
0
MuslimKGstana
2019-01-05 22:47:33
Muslim_KGstana.,туура))
-3
taalay25
2019-01-05 23:28:27
MuslimKGstana,мага акыл уйротконду ким койду сага!!! Сен озун биринчи оюнду туздо СИЗО озуно эле жана коррупционер чиновниктерге буюра берсин, ии баса ошо сизого тушкон коррупционерлерге айтып кой элдин ырыскысын этиятап жесин толош кыйын болот
+1
munar1980
2019-01-05 13:20:29
Эгерде иш козголбогондо оорубай жургон болот эле иш козголсо эле бат эле ооруп калышат
+7
senchi
2019-01-05 13:31:22
Операция болбогон комментария бералбаса,болгондо айтат болчу
-6
izdeim_seni
2019-01-05 13:46:41
"Оорусаңыз таараным, оорусаңыз таарынам, оорубаңыз!"))))))
+6
AksyKum
2019-01-05 15:39:39
Ашказанынан болгон болуш керек, ошончо акчаны аш кылышта бар да.
+7
AksyKum
2019-01-05 15:45:38
AksyKum,же кекиртегинен болду бекен тыгылып калып, же же жеееее чыгаралбай....... ошол жеринен болду бекен аааа операция
+1
aerforce
2019-01-05 17:16:48
Миллиондоп жесең анан бир жериңди кесип кайра тигип койобуз деп сүйлөшүп алышат окшойт
+4
Janyjol.86
2019-01-05 19:23:23
Ее туугандар бул депутатыбыз турмодо бекер убакыт откоргучо Ден соолукту чындап алайын кийин турмодон чыгып акча деп журуп Ден солукту карат Канга убакыт болбой калат деп ошого операция болуп атат дат баскан запчастарын алмаштырып
+2
eddi.
2019-01-05 20:25:10
Бизде жеп жутарлардын баары оорукчан,инвалид,коррупционер,шылуундар эле
+2
saza20
2019-01-05 20:33:18
Билип билбей жаза бербегиле. Депутат болсо эле жегич деп. Муну сасыган саясат дейт. Жондон жон сизодо отурганда болсо, ойлонбойсунарбы?
-7
RNA78
2019-01-05 23:06:43
Кайрадан креслого отургузуп койсо, куландан соо болуп жүгүрүп кетсе керек.
+2
voennyi88
2019-01-06 08:08:00
Осмон Мамбетжановичди балапан кезинен бери билем. Классташымдын агасы.Айылда кошуна турабыз.
-5
Mustafo
2019-01-07 12:04:53
Сайды кечирип качырып жибергиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан