Япония өлкөгө кирип чыккан ар бир адамдан 9 доллардан салык алат. Мындай мыйзам бүгүн, 7-январдан тарта күчүнө кирди.
Маалыматка караганда, салыктын бул түрү ар бир өлкөнүн жаранына тиешелүү.
"Бул салыктан кеменин же учактын экипаж мүчөлөрү, 2 жашка толо элек балдар, депорттолгондор, дипломаттар, өкмөт адамдары жана аба ырайына байланыштуу Японияга конууга же токтоого мажбур болгон адамдар бошотулган", - деп айтылат маалыматта.
Салыктан жыйылган каражаттар 2020-жылы өтчү жайкы Олимпиадага карата Япониянын инфраструктурасын өнүктүрүүгө сарпталат. "2020-жылга чейин Японияга 40 миллион турист келиши күтүлүүдө. Бул чоң акчага барабар", - деп жазышат басылмалар.