Малайзиянын падышасы, Келантан султаны Мухаммад V күтүүсүз жерден тактыдан өз эрки менен баш тарткандыгы тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Маалым болгондой, жаңы падышаны 5 жылда бир тандашат. Андан сырткары Малайзия өлкөсүндө такты мурастан-мураска өтпөйт. Ал эми Мухаммад V`тин башкаруусу 2022-жылы соңуна чыкмак. Азыркы учурда анын эмне себептен өз эрки менен тактыдан баш тарткандыгы белгисиз.
Эске салсак, 2018-жылы 22-нобярда Мухаммад V "Мисс Москва-2015" сынагынын жеңүүчүсү 25 жаштагы орусиялык модель
Оксана Воеводинага баш кошкон. Жаңы жашоо үчүн баарына даяр болгон модель атын
Рихана деп өзгөрткөн.
Белгилүү болгондой, жыл аягында алар балалуу болуу үчүн Германиядагы клиникалардын бирине кайрылышкан. Маалымат булактарынын жазганына караганда, 49 жаштагы экс-падыша буга чейин да үйлөнгөн, бирок анын мураскери жок. Ошондуктан бул көйгөйгө ал олуттуу карай баштаган деп айтылат маалыматтарда.