Бүгүн, 7-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында кытайлык кыргыздарды колдоо митинги өтүп жатат. Митингге 200гө жакын адам катышууда. Алардын негизги талаптары - "Кыйноого кабылып жатат" делген кытайлык кыргыздарга карата иш-аракеттерди көрүү жана Кытай жарандарынын Кыргыз жерине кирүүсүнө тыюу салуу.
"Кытайда көптөгөн кыргыздар кыйноого кабылып жатат деген сөздөр тарады, бирок бийлик тараптан жасалган аракеттерди көрбөй жатабыз. Кытай жарандары болсо өлкөгө каалагандай кирип-чыкканын токтотушкан жок. Биздин чогулганыбыздын себеби - кытайлык кыргыз боордошторубузга жардам берүү жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу", - дейт митингдин катышуучуларынын бири.
Митингге келгендердин айтымында, алар бүгүн "Ала-Тоо" аянтына өз ыктыярлары менен чыгышкан. Буга чейин социалдык тармактарда 7-январда Кыргыз жериндеги мыйзамсыз миграцияга каршы митингге чыгууга чакырык кылган билдирүү тарап жаткан.
Буга чейин УКМК улут аралык кастыкты козуткан, чагымчылдыкка чакырган билдирүүлөрдү жазгандарды аныктап, мыйзамга туура келбеген иштерди жасап кылмышка катышып калуудан оолак болууну эскерткен. Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы белгилегендей, Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык этностор аралык кастыкты козуткандар 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.