"Алмазбек Атамбаевдин Индияга сапарынан саясат жасабагыла". Мындай билдирүүнү КСДПнын басма сөз кызматынан таратышты.
Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга кетип жатканы айтылган.
"Интернетте экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин Индияга сапарга чыгууга камынып жатканы тууралуу маалымат тарады. Ооба, Алмазбек Шаршенович кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып, партиянын иштеринен сырткары эс алмакчы. Ал мамлекеттик кызматкер эмес. Ар кандай сапарларга чыгууга укуктуу. Сураныч, мындан саясат жасабагыла", - деп айтылат билдирүүдө.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына Алмазбек Атамбаев Индияда эч кандай расмий жолугушуу өткөрбөй турганын, жеке эс алуу максатында гана кетип жатканын кошумчалады.
Маалыматка караганда, Атамбаев өлкөгө 21-январда кайтып келмекчи. Буга чейин анын аталган сапары тууралуу ар кандай маалыматтар чыга баштаган.