Бүгүн Бишкекте мусулман кийимдеринин мода көргөзмөсү өткөрүлдү
Бүгүн Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында мусулман кийимдеринин мода көргөзмөсү болуп өттү. Мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканын көргөзмөнүн демилгечиси жана демөөрчүсү, белгилүү актриса Айжан Акылбекова билдирди. Кыргыз дизайнерлери өздөрүнүн коллекциясын көрсөтүшүп, мыктылары 30 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушту. Аталган иш-чара тууралуу видеорепортажды эртең SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүнөн көрө аласыздар.