Азия Кубогу: Кытай курамасы Таиландды жеңип, чейрек финалга чыгып кетти

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Бүгүн, 20-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек финалдык оюндары башталган. Анда алгачкы беттеште Вьетнам курама командасы Иорданияны пенальтилер сериясында утуп алса, 2-беттеште Таиланд менен Кытай курама командалары кез келген.

Аль-Айн шаарындагы "Хазза бин Зайед" стадионунда орун алган беттеш 2:1 эсебинде Кытайдын жеңиши менен аяктады. Оюндун 31-мүнөтүндө Таиланддын оюнчусу Супачай Жайдед эсеп санын ачкан. Буга Кытай курама командасы 67-мүнөттө Сяо Чжинин голу менен жооп бергенге жетишкен.

71-мүнөттө Кытай курамасынын чабуулуна каршы оюн эрежеси бузулуп, кытайлыктар пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 11 метрлик соккуну Гао Линь ийгиликтүү аткарып, командасына жеңиш алып келди.

Муну менен Кытай курама командасы Азия Кубогунун чейрек финалына өттү.

Буга чейин мелдештин чейрек финалына Вьетнам курама командасы өткөн. Алар Таиланд менен беттешип, пенальтилер сериясында жеңишке жеткен.

Эртең мелдештин жарым чейрек финалында Кыргыз курама командасы Бириккен Араб Эмираттары менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Wold
2019-01-21 00:04:58
"Буга чейин мелдештин чейрек финалына Вьетнам курама командасы өткөн. Алар Таиланд менен беттешип, пенальтилер сериясында жеңишке жеткен." - Таиланд эмес, Вьетнам-Йордания десеңер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан