Аты-жөнү - Алмаз Эшбаев
Туулган күнү, жылы - 2000-жыл, 16-январь
Туулган жери - Нарын району Учкун айылы
Үй-бүлөдө - 7 бир туугандын ортончусу
Учурда - Кытайдын Шанхай шаарындагы университетте билим алат
Алмаз Эшбаев тууралуу таң калтырган 8 факт
1. 10-класста окуп жатканда Учкун айылындагы өзүнүн чоң атасы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектепте президент болгон.
2. Мектепте окуп жатканда "Манас таануу" интеллектуалдык таймашына 2 жыл катары менен катышып, ал команда республикалык баскычта 2-орунду багындырган.
3. 16 жашында жайкы журналистика мектебин алтын сертификат менен аяктаган. Мындай сертификат катышуучулардан бирөөнө гана берилген.
4. Ошол эле жылы журналист болуп иштеп, 16 жашында алгачкы калем акысын алган.
5. 17 жашында Кытай жергесине 1 жылдык тил курсуна бюджеттик негизде окууга өтүп, Кытайга кеткен.
6. 18 жашында Кытайдагы эң ири делген 5 университетке сынак тапшырып, бешөөнө тең бакалаврга өтүп кеткен.
7. Учурда Кытайда окуп жаткан окуу жайынан 2500 юань (25 миң сом) стипендия алат.
8. Түндө жылдыздарды карап гитара чертүүнү жактырат.
- Алмаз, азыр 19 жашта экенсиң. Бул куракта өз алдынча болуп кетүү көпчүлүктүн колунан келе бербейт. Сен болсо 17 жашыңдан тартып чет өлкөгө кетип, өзүң окууга өтүп, ал эмес 25 миң сом стипендия алат экенсиң. Сага улуулар менен сүйлөшкөн кызык болсо керек?
- Жок, мага өзүм курактуу балдар менен сүйлөшүү деле кызык. Биз курактуу эле, бирок мындан бир топ чоң ийгиликтерди жарата алган жаштар көп. Азырынча билгенимден биле элегим көп да.
- Мектепте окуп жүргөндө да активдүү болсоң керек?
- Өзүмдүн чоң атамдын атынан коюлган мектепте окугандыктан ата-энем мени дайыма активдүү болууга, жакшы окууга үндөчү. Ошол окуучулук күндөрүмдө "Манас таануу" интеллектуалдык таймашына 2 жыл катары менен катышып, ал команда республикалык баскычта 2-орунду багындырган. Бир тууган эжем Венгрияда билим алып жатат. Мен 6-класста окуп жатканда ал мектептин президенти болчу. Ал мага "сен да менин курагыма келгенде чоң атаңдын мектебинде президент болушуң керек" деп тамашалачу. Ал сөздөр кийин орундалды.
- Кытайга кантип жол тартып калдың?
- Кыялданганды жактырам. Нарында айылда жүргөндө түнү жылдыздарды карап гитара чертип кыялдануудан ырахат алар элем. Бул жакта гитара бар, бирок Шанхайда жылдыз көрүнбөйт.
Дүйнөдөгү башка өлкөлөрдү көрүүнү 8-класстан баштап эле эңсей баштадым. 2015-жылы ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султандын демилгеси менен окуучулар арасында дил баян сынагы жарыяланып, ар бир облустан жеңүүчү болгон окуучу Куала-Лумпур шаарына бара турган болчу. Мен да бул сынакка катышкам. Тилекке каршы, 2-орунга ээ болуп калып, ал мүмкүнчүлүк башка балага берилген.
Бирок мен баягы ой-кыялдарымдан артка кайткан жокмун. Ата-эне, классташтарыма чет өлкөдө окуйм деп көп айтчумун. "Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында" экен, 11-классты бүтөрүм менен Кытай жергесине 1 жылдык тил курсуна бюджеттик негизде окууга өттүм. Кытайга окуу мүмкүнчүлүгүн 2017-жылдын кыш мезгилинде "Perspective" окуу борборунан тест тапшырып, жеңип алгам. Ошентип 11-классты аяктаарым менен Кытайга бет алдым.
- Алгачкы келген жылың кандай өттү?
- Оо-ой, ал жыл эч эстен кетпейт. Менде Кытайдан бир жыл тил үйрөнүп келүү деген максат эмес болчу. Кайра ошол жылы Кытайдагы университеттерге окууга тапшыруу эле. Гранттык негизде жогорку окуу жайга кабыл алуу өтө кылдат жүргүзүлөрүн, 100 абитуриенттен бирөө гана кабыл алынарын кураторум айтып калды. Көп жаштардын ындыны өчө түшкөндөй болду. Ошондо мен да бир топ сарсанаа болдум. Бирок болгон убактымды, оюмду, аракетимди бир багытка жумшап, күнү-түнү даярданып жатып соңунда 5 университетке өтүп кеттим. Алардын ичинен Шанхай шаарында жайгашкан East China Normal University жогорку окуу жайын тандап алдым. Бул жерде жатаканада акысыз жашайм.
Жаңы келгенде үйдү сагынуу, тилден кыйналуу, тамак-ашына көнүү деген кыйынчылыктар болду. Бирок көздөгөн таамай максаттарың болсо анын баарын жеңе аласың. Өзүм нарындык болгондуктан эт, камыр, бешбармакты сагына берем. Апама чалганда "бүгүн эт салдыңарбы?" деп сурагым келе берет (күлүп). Бирок уялып көп сурабайм.
- Кытай элинин үлгү алчу жактарын байкадыңбы?
- Ооба, бардык эле улуттун жакшы сапаттары бар. Мен кытай элинен убакытты баалаганды үйрөндүм. Бул азыр мен үйрөнүп жаткан тилден, стипендиядан да маанилүү деп билем. Убакытты башкара билүү менен адам өзүнө кереметтүү жашоону түзө аларына ишенем. Кытай эли абдан аракетчил, тырышчаак, келечегине кам көрөт экен.
- Ата-энең тууралуу да айта кетсең.
- Үйдө ата-энем, бир туугандарым мени келечекте президент болосуң деп тамашалап калышчу. Алар үчүн тамаша сөз болгону менен, мен үчүн орундала турган нерседей сезилчү. Эми болсо көз карашым бир аз башкача, өлкөгө кызмат кылуу үчүн адамга сөзсүз эле ажонун тактысына же дагы бир креслого отуруш шарт эмес. Бийликке жетет элем деп жүрүп өмүрүмдү кунарсыз өткөрүүнү каалабайм. Колуңа кетмен кармап дыйканчылык кылып да мамлекетке салымыңды кошсоң болот. Менин атам дыйкан, апам үй кожойкеси. Алар 7 баланы өстүрүп, татыктуу тарбия, билим беришти. Бул чоң күч, мамлекетке кошкон салымы ушул деп билем. Мага келсек, азыркы аракеттеримдин баары жалгыз өзүмдүн келечегим үчүн эмес, кыргыз элинин келечегине салым кошуу үчүн жасалып жатат.
- Бул жылга кандай пландарды түздүң?
- Жакында эле 19 жашка толдум. Эми Кытайга менден кийин келип, мен басып өткөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан мекендештериме көргөн-билгендеримди үйрөтүп, жогорку окуу жайга өтүшүнө көмөктөшөм деген планым бар. Мындан тышкары Венгрияда билим алган эжекем экөөбүз айылдагы мектепке барып, бүтүрүүчүлөр менен кесип тандоо, окуу жайга тапшыруу боюнча сүйлөшүп, аларга кеңеш берсек деген ниетим бар.
Сөз соңунда...
- Ушул жаш бала эмнени билип, эмнени айтмак эле деп жатсаңыз керек. Чындыгында келечегибиз алдыда. Өлкөнүн да өнүккөн алтын доору алыс эмес деп ишенем. Кытай экономика, билим берүү дагы башка көп тармактан бизден бир топ алдыда. Бирок алар таптаза абада дем алууга, таптаза булактын суусун ичип, табигый тамактарды жегенге муктаж. Жылдыздар да көрүнбөйт (күлүп). Биз болсо, буюрса, келечегибизди кура алабыз. Ар бирибиз кыялданууну эле эмес, аны ишке ашырууну да ойлошубуз керек.