Азия Кубогуна катышып татыктуу оюн көрсөтүп, плей-офф баскычына чейин жеткен футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчулары бүгүн борбордук аянтта күйөрмандары менен жолугушууда. Жолугушуу иш-чарасынын алкагында концерттик программа орун алууда.
Концерттик программа учурунда Кыргыз курамасынын өлкөгө кайтып келген курамы сахнага чыкты. Күйөрмандар дүркүрөгөн кол чабуулар жана кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышты. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сөз алып, куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда аянттагы эл анын сөзүн бөлүп, "стадион" деп кыйкырышты.
Муну менен аянттагы күйөрмандар өкмөткө жаңы стадион курууга мезгил келип жеткенин билдиришти. Өкмөт башчы "стадион болот, бул боюнча чечим кабыл алынат" деди.