Бильярдчы Зайлан Адамов КРнын Бильярд спорт федерациясынын президентине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Өткөн аптада Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп, ага 7 кий чеберибиз катышып келген. Ошол 7 кий чеберибиздин бири, октябрда өткөн Өлкө чемпиондугунун жеңүүчүсү Зайлан Адамов колдоо көрсөткөндүгү үчүн КРнын Бильярд спорт федерациясынын президенти Каныбек Сагынбаевге ыраазычылыгын билдирди. Анын машыктыруучусу Ильяз Адамовдун айтымында, аталган федерацияны жетектеп жаткан К.Сагынбаев учурдагы Өлкө чемпиону катары З.Адамовго Орусияга барып келүүсүнө колдоо көрсөтүп, жол киресин таап берген. “Мурда мындай болчу эмес. Зайлан канча жолу чемпион болуп, эл аралык мелдештерде кыргыздын намысын талашуу үчүн өзүнүн каражаты менен барып жүрдү. Кээде каражаттын жоктугунан бара албай калчу. Андыктан Каныбекке рахмат”,- дейт машыктыруучу И.Адамов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан