Бүгүн, 28-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым финалдык беттеши орун алат. Финалга чыгуу жолдомосу үчүн Иран менен Япония курама командалары беттешет.
Иран-Япония оюну Аль-Айн шаарындагы "Хазза Бин Зайед" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.
Бул беттеште жеңишке ээ болгон команда 1-февраль күнү финалда беттешип, 2019-жылдагы Азиянын чемпиону наамына ат салышат.
Ал эми эртең, 29-январда Абу-Даби шаарында БАЭ менен Катар курама командаларынын беттеши өтүп, финалдын 2-катышуучусу белгилүү болот.
Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.