Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жаш курагында дүйнө салды

Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жаш курагында дүйнө салды. Бул маалыматты SUPER.KG'ге жакындары тастыктады. Маалым болгондой, Акназаров бүгүн, 1-февраль күнү эртең менен Бишкектеги үйүндө көз жумду.

Корчубек Акназаров 1922-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн.

Улуу Ата Мекендик согушта 1-Беларусь фронтунда согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. 1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы Карл Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган. Андан соң ал бүт өмүрүн партиялык ишке арнап, 30 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарда – Кыргыз Компартиясынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп эмгектенген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Корчубек Акназаровдун дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2019-02-01 19:40:57
Жайы жаннаттан болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан