Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу акталды

Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу акталды. Мындай чечимди бүгүн, 8-февралда Орусиянын Смоленск облустук соту кабыл алганын SUPER.KG'ге "Замандаш" партиясынын өкүлү Эрлан Бекчоро уулу кабарлады.

Чыңгыз Анарбек уулу өзүнүн WhatsApp аркылуу жиберген сөзүнө караганда, облустук сот аны мөөнөтүнөн мурда бошотту. "Сот чечимди бүгүн, 8-февраль күнү саат 10до кабыл алды. Буга чейин Тверь райондук соту 1 жыл 6 айга кара жумушка тартуу боюнча чечим чыгарган. Азыр мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сот иши болду. Прокурор алгач каршы болуп жаткан. Баары жакшы жыйынтыкталып, сот бошотту. 19-февралда эркиндикке чыгам", - деди Анарбек уулу.

Чыңгыз Анарбек уулу 2018-жылы 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айткан.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу.

Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу акталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Suzak12
2019-02-08 18:05:25
Молодец бир тууганым тезираак чык.
+15
nemo2016
2019-02-08 19:01:33
Жакшы жанылык Эми эс алып анан иште досум
+13
Fedorov
2019-02-08 19:14:00
Эми такси айдаба тууган.
+6
Eli.91
2019-02-08 20:17:02
Кутуп журдум эле акталса экен деп.Кудай деген адам экен акыры акталды.Аллахым ардайым мындан кийин ишинди онунан берсин.
+14
Alia82
2019-02-08 22:06:06
Эн сонун жанылык, куттуктайм, эми этияттап айда, акча деп эле куну туну уктабай жургонун озундунле эмес, башка бироолордун да коопсуздугуна кокунучтуу
+8
JaneEr
2019-02-09 00:15:40
Куттуктайм,Аллах колдогон инсан экенсин.Шугур.
+7
tokitok
2019-02-09 05:21:36
Мына олбогон кулга жаз келет дечу беле оор кундун артында созсуз жакшы кун келет. Убагында абдан кыйналдыныз эле азыр кубанып турасыз. Башты тушурбойлу.
+4
Sizge.kat
2019-02-09 08:47:15
Акыйкатты билет орустар адилеттуулукту биздин соттор билсе да акчага сатат
+4
tular
2019-02-09 12:25:08
Орустар бирок калыстык кылышыптыр! Биздин мусулман соттор алардан да жаман болуп жатышпайбы...
+6
Modric10
2019-02-09 13:52:08
Бул баягы балабы жайында Мексикалыктарды сузуп кеткен
+3
naida81
2019-02-11 10:49:07
аман бол, АЛЛАНЫН бар экендигине, анын калыс зат экендигине мин мертебе шугур кылалы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан