Бишкекте "Тез жардам" кызматы менен милиция кызматынын унаалары кагылышты
Бишкек шаарында 22-ноябрдан 23-ноябрга караган түнү "Тез жардамдын" унаасы милиция кызматынын унаасын сүзүп алганын "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, "Тез жардам" кызматынын унаасы катуу жаракат алган жок жана маселе тынчтык жолу менен чечилди. Эске салсак, мындай көрүнүш ушул жылы 2-жолу кайталанып жатат.