Өзбекстандын Финансы министрлиги депутаттар, облус башчылары, министр жана вице-премьерлердин канча айлык алары жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу 27-февралда "Газета Уз" жазып чыкты.
Мыйзамга ылайык, бюджеттик каржылоодогу уюмдар жана мекемелерде кызматкерлердин ээлеген кызматына жараша айлык чегерүүдө эмгекти төлөө боюнча бирдиктүү бааларда көрсөтүлгөн тарифтик коэффициенттер колдонулат.
Төмөндө Өзбекстанда жетекчилик кызматта иштегендердин айлыгы көрсөтүлгөн (салык алынганга чейин):
Депутаттар жана сенаторлор – 1 560 413 миллион сум (186 доллар);
Министрлер – 1 727 665 миллион сум (205 доллар);
Премьер-министрдин орун басары – 2 075 955 миллион сум (247 доллар);
Облустук администрация башчысы – 1 899 783 миллион сум (226 доллар);
Шаардын же райондун башчысы – 1 643 329 миллион сум (195 доллар);
Мындан сырткары айлыкка кошумча акы төлөнүүчү шарттар бар. Алар:
- Өзгөчө иш шартында иштегени үчүн – кызматтык окладынан 20 пайыз (депутаттар, сенаторлор, облус, шаар жана район башчылары үчүн);
- Эмгекке кызыктыруучу коэффициент – кызматтык окладынан 40 пайыз;
- Иштеген жылына жараша – кызматтык окладынан 20-30 пайыз;
- Материалдык кызыктыруучу коэффициент – кызматтык окладынан 15-25 пайыз.
Ошондой эле министрликтерге бюджеттик эмес фонддордон дагы каражат түшүп турат (мамлекеттик салыктан чегерим, салыктык эмес төлөмдөр, административдик айып пулдар жана каржы санкциялары). Мамлекеттик органдар бюджеттик эмес фонддордон түшкөн каражатты кызматкерлерди материалдык жактан кызыктыруу үчүн колдоно алышат. Бул жактан берилген акынын көлөмү мамлекеттен бериле турган айлыктан көп болушу мүмкүн.