Бир тамга түшүп калса сөздүн мааниси бузулуп, куну кетет, ал эми тыныш белгилер алмашып же туура эмес коюлуп калса сүйлөмдүн мааниси өзгөрүп кетиши мүмкүн. Азыркы учурда социалдык түйүндөрдө эки сөздүн башын бириктирип туура жаза албаган адамдардын саны көбөйгөнү жанды кейитет. Алар мындай турсун, мамлекеттик кызматты ээлеп отурган эл башчыларыбыздын иш кагаздарын жазууда олуттуу ката кетирип жатканы кабырганы кайыштырды.
Айта кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун ката жазылган каты интернетте талкуу жаратып, катуу сынга кабылды.
А сиз өзүңүздү эки сөздүн башын бириктирип туура жаза алам, сабаттуумун деп ойлойсузбу? Анда күчүңүздү тесттен сынап көрүңүз.