Дүйнө жүзүндө гүлдүн 258 миң 600дөн ашык түрү бар экени жазылат. Алардын ар бири табияттын өзгөчө белегиндей. Гүл адамга көңүл буруу, сыйлоо, урматтоонун белгиси катары тартууланат. Ал эми жаратылышта кооздук, сулуулук, гармония, тынчтык, назиктикти тартуулаган көрүнүш. Ар бир гүлдүн өзүнчө өсүү өзгөчөлүгү, жыты, артыкчылыгы бар. Төмөндө гүлдөр тууралуу кызыктуу маалыматтар камтылган тест сиздин бул багыттагы маалыматыңызды сындан өткөрөт.