Сейил менен Аскардын махабаты чагылдырылган сериал эсиңиздеби? Көпчүлүктү экран алдына чогулткан "Апамдын махабаты" сериалынын тартылып, эфирден көрсөтүлгөнүнө 15 жыл болду.
Каармандардын сүйүүгө жетүү, карьера жасоо жана үй-бүлөнү сактап калууга болгон аракеттерин сериалдан көрүүгө болот.
Жибек, Керээз, Салия, Айбек жана Уландын көл жээгинде гитара чертип ырдаганын унута элек болсоңуз керек. Уландын бир туугандары сууга бышырылган жумуртканы талашып жегени да эсте каларлык эпизоддордун бири эмеспи. Азыркы күнгө чейинки кыргыз сериалдарынын сап башында турган кинотасма канчалык эсиңизде бар? Тесттен өтүп көрүңүз.