Оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Кытай жараны Бишкектен кармалды
ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Кытай жараны Хуанг Гонгхуаны Бишкектен колго түшүрүштү. Аталган жаранга "оор кылмыш жасаган" деген шек менен кытайлык укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган. Бул адам 1967-жылы туулган, учурда Бишкекте жашап, жеке ишкерлик менен алектенип келген. Ал 1996-жылы өз жердеши Лин Чиньгуяны өлтүрүп, 2007-жылы Кыргызстанга баса берген. Кылмышка шектүүнүн жанынан өздүк паспортунан сырткары да бир нече документтер табылды жана Кытайга кайтарылып берилди.