"Кыргыз жерин билбейбиз дегендерге намыстанып өлкөбүздү тааныткан ассоциацияны түздүм" дейт Италияда жашап жаткан Бурмачач Томоева (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Бул ирет SUPER.KG порталы окурмандарына Италиянын Милан шаарында дээрлик 6 жылдан бери жашап жаткан Бурмачач Томоеванын маегин сунуштайт. Маектешибиз 28 жашта, Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулуп-өскөн. Ленинполь гуманитардык мектеп-лицейин аяктап, Кыргыз эл аралык университетинин англис тили бөлүмүн аяктаган.

- Бурмачач, Италияга барууга эмне себеп болду?

- Менин апам мугалим, атам жеке ишкер эле. Жогорку окуу жайды аяктап Лондонго же Американын бир шаарына барып окуумду улантсам деген ниет менен жүргөнүмдө атам каза болуп калды. Үйдө 4 бир тууганбыз, мен улуусумун. Атам каза болгондон кийин окууну улантууну эмес, үй-бүлөгө жардам беришим керек экенин түшүндүм. Өлкөдө өз кесибиң менен иштесең үй-бүлөгө каралашканга эмес, өзүңө жетерлик гана маяна болчу. Мындан улам Италияга иштөөгө кеткенге мүмкүнчүлүк болуп калгандыктан келе бердим. Бул жакка келер алдында англис тилин билем, барсам кыйналбайм деп ойлогом. Бирок андай эмес экен, италиян тилин билүү зарыл болгондуктан бир топ кыйынчылыктарга туш болдум, бирок муктаждык баарына үйрөтөт экен, аз убакытта тилди өздөштүрүп кеттим. Келип түрдүү иштерде иштедим, туризм, мейманкана, маданият жаатында көп болдум.

- Италиянын калкын кыргыз элине окшоштурушат...

- Ооба, окшоштук жактары көп, кичипейил, меймандос, ачык мүнөз адамдар. Өздөрүнүн жумушу бар болсо да аны таштап коюп, сен сураган даректи көрсөтүп келет. Туристтерге аябай көнүп калышкандыктан сылык жана жөнөкөй мамиле жасашат. Италиян тилинде туура эмес сүйлөгөн учурда эч ким күлбөйт, сылык үйрөтүп коюшат.

Италияга жаңы келгенде адамдардын ачык мүнөзү, күлүп жүргөнү, эс алууну билгендиги мени таң калтырды. Кыргыз өлкөсүндөгү жагдайларга байланыштуубу, айтор ал жакта биз эс алууну дээрлик унутуп калганбыз. Мисалы, түшкү тамактануудан кийин Италияда күн сайын дүкөндөрдү, айрым тейлөөчү жайларды 2 саатка жаап коюп эс алышат. Тоого, сейил бактарга үй-бүлөсү менен барган адамдар аябай көп. Эс алууга жакшы көңүл бурушкандыктанбы адамдар узак жашашат. Иштегенди да, эс алганды да билген эл экен деп коём. Ошол жагын кыргыз эли өзүбүзгө сиңирип алсак деп ойлойм.

- Учурда Миланда эмне менен алектенесиз?

- Учурда Милан шаарындагы Бикокка мамлекеттик университетинде магистратурада башкармалык жана тейлөө көрсөтүү дизайны багытында окуп жатам. Англис жана италиян тилдерин тереңдетип окуудамын. Мындан тышкары 4 жыл мурун сиңдим экөөбүз түптөгөн "Кыргыз-Италия" маданият борборун иштетебиз.

Менин намысымды ойготкон нерсе бул жактагылардын Кыргыз жерин билбегендиги болду. Биздин мамлекетти айтканда "укпаптырбыз", "билбейт экенмин" десе аябай капа боло берчүмүн. Ушул мекенчилдик сезимдин артында "Кыргыз-Италия" ассоциациясын ачууну сиңдим экөөбүз ойлонуп, ишке ашырдык. Ассоциацияда италиялык жарандар да бар, алар Кыргыз өлкөсүн таанытууга жана таанууга абдан кызыкдар. Бизди колдоп өткөргөн майрамдарга келип турушат. Биз өлкөбүз тууралуу айтып бергенден кийин туристтер мекенибизге саякатка жөнөшөт. Бул биздин аз да болсо өлкөбүздү таанытууга салымыбыз деп билем.

Жаңы келген жылдары Италияга кыргыздын маданиятын таанытуу керектигин ойлоп, кыргыздардын башын бириктирген иш-чараларды уюштуруп, ал жерде улуттук ыр-бийлерди көрсөтө баштадык. Эми "Кыргыз-Италия" ассоциациясы эки өлкө ортосунда өткөн иш-чараларга катышып келет. Түзүлгөндөн тартып көптөгөн иш-чараларга катыштык. Өзгөчө Нооруз майрамын кыргыздар менен биргеликте өткөрүүнү адатка айлантуунун үстүндө иштеп келебиз. Биринчи жолу уюштурганда 30-40тай кыргыз келген. Кийин казакстандыктар, орус тилдүүлөр менен чогуу өткөрүп, 80 киши топтолдук. Орто Азия өлкөлөрүнөн келгендердин арасынан мындай борборду биринчилерден болуп биз түзгөндүктөн Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан өлкөлөрүнүн жарандары да биз өткөргөн иш-чараларга келип катышып, ынтымагыбызга суктанып кетишет. Бул жылы Ноорузду 31-мартта белгилейбиз, ага 100 кишинин келиши күтүлүүдө. Кыргыз жеринен Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганованы чакырганбыз.

- Чет өлкө сизди эмнеге үйрөттү?

- Биринчиден, мекенчилдик сезимимди күчөтүп, Ата-Журтту кадырлап, барктоого үйрөттү. Жоопкерчиликтүү болууга көндүрдү. Барган жерлеримде кыргызга көө жабылбасын деген ойдо өзүмдү так, түз алып жүрүүгө үйрөндүм. Бул жактын калкы көнүп калгандай, күнүмдүк, жумалык, айлык пландарды алдын ала түзүп алып ошонун негизинде аны ишке ашырууга көндүм. Анын ичине саякаттоо да сөзсүз жазылат жана шаарлардагы кызыктуу жерлерди көрүүгө убакыт бөлөм. Европанын бир нече шаарын кыдырдым. Апамды да чакырып, чогуу кыдырып келдик, бул үчүн абдан кубанам.

- Келечектеги пландарыңыз?

- Магистратураны аяктагандан кийин Кыргыз жерине барып, Кыргыз-Италия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн иштегим келет. Мен бул калктын жашоо-турмушун, тилин, жерин билген адам катары бул жаатта жардамым тиет деп ойлойм. Азыр мекенди сагынып, Кыргыз өлкөсүнүн абасы, суусу, жаратылышы жетишпей турат. Анан, албетте, кыз кишиге тиешелүү болгон ниеттерим бар. Үй-бүлө куруп, бактылуу жар, эне, келин болсом деп тилейм.

- Өзүңүздөн кичүүлөргө кандай кеңеш бересиз?

- Чоң-чоң максаттарды алдыга коюп, масштабдуу ойлорду ойлогондон коркпош керек дегим келет. Билимди көп тараптан кеңейтүү зарыл экенин билдим. Мектеп, университет менен чектелбегиле дегим келет. Билген нерселеримди өзүбүздөн кичүүлөргө айтууну, туура жолду көрсөтүүнү өзүмдүн милдетим деп билем. Мүнөздү жөнөкөйлөтүү керек, жаңы терминдерге, жаңы технологияга көңүл бура жүрүү зарыл. Тобокелге баруудан чочулабагыла дейт элем. Өзүн өнүктүргөн адам ийгиликке жете алат деп ойлойм, негативдүү ойлордон алыс болууга чакырам.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baktybek90
2019-03-22 13:47:45
Мен алмакмын сени
+3
Skarlett-Skarlett
2019-03-22 17:07:09
Азамат кыз экенсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан