Кениялык мугалим "дүйнөнүн мыкты мугалими" аталып 1 миллион доллар сыйлык алды

Кениялык мугалим "дүйнөнүн мыкты мугалими" аталып 1 миллион доллар сыйлык алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган сыйлыктын ээси 36 жаштагы Питер Табичи Кениянын мектептеринин биринде так илимдерден сабак берет.

"Табичи айлык акысынын 80 пайызга жакынын жетишпеген окуу куралдарын сатып алууга жумшайт. Сабакка келбей калган балдардан өзү кабар алып турат. Ал иштеген мектепте бир гана компьютер бар жана 58 окуучуга 1 мугалим туура келет", - деп жазылат маалыматта.

Аталган сыйлык 2015-жылдан бери индиялык бизнесмен Санни Варкинин фонду тарабынан тапшырылып келет. Бул жылы сыйлыкка 179 мамлекеттен 10 миңден ашык мугалимдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ilgiz-kg01
2019-03-25 15:21:39
кудай берет деген ушул да
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-03-25 15:21:52
Азаматсыз.
+3
ilgiz-kg01
2019-03-25 15:22:06
бизгеда бир кучтуу президент келсе экен
+3
bond02
2019-03-25 15:48:27
Илгери болгондо биздин Дуйшон агай алчу экен, биринчи мугалимдеги.
+3
almanbetperm
2019-03-25 16:06:09
bond02,дуйшондор азыр деле бар, директор жакшы кадрларды тез эле жок кылат, коруп билип эле журобуз
+2
Asyl.jazi
2019-03-25 20:10:07
bond02,Азыр мугалимдердин баары Дүйшөн агайдын кейпинен дагы төмөндө турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан