Италия, Испания, Франция, Венгрия, Чехия... Окуунун арты менен 11 мамлекетти кыдырган Жайнагүл Атамбекованын баяны

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Талыкпаган эмгеги менен максаттарын орундатып келе жаткан жаштардын катарын Жайнагүл Атамбекова толуктайт. SUPER.KG порталы бул ирет Түркиядагы Сельчук университетинин Менеджмент бөлүмүндө магистратурада билим алып жаткан бул мекендешибиз менен маек курду. Ал окуунун арты менен 11 мамлекетти, көптөгөн шаарларды кыдырганын айтат.
Атамбекова мектепти да, университетти да артыкчылык менен аяктаган

- Жайнагүл, адегенде өзүңүздү кыскача тааныштырып өтсөңүз.

- Мен 26 жаштамын, Баткен шаарында төрөлүп-өскөм. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун, 2 иним жана сиңдим бар. Балалыгым Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында өттү. Ата-энем дайыма мени колдоп, ар бир кабыл алган чечимимди сыйлоо менен кабыл алышты, алардын тарбиясы менен ушундай билим алууга жеттим десем болот.

- Мектепти аяктагандан кийин кайсы кесипти тандадыңыз?

- Баткен облустук гимназия-мектебин артыкчылык менен аяктадым. Андан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кабыл алындым. Ал жактан Экономика жана башкаруу факультетинин Менеджмент бөлүмүн артыкчылык диплом менен ийгиликтүү бүтүрдүм.

- Чет өлкөгө канча жашыңызда, кандайча барып калдыңыз?

- Биринчи жолу чет өлкөгө 22 жашымда чыктым. Тактап айтканда, "Манас" университетинин тажрыйба программасы менен Түркиянын борбор шаары Анкарага келдим. Ал жерде 1 айдан ашык Union Municipalities of Turkey’де (Түркиянын шаар башкармалыктар бирикмеси) тажрыйба алдым. Жогорку окуу жайды аяктаган соң Түркия стипендиялары (Turkish Scholarship) программасына тапшырып, чакыруу алып, Түркиядагы Сельчук университетинин Менеджмент бөлүмүнө магистратурага кабыл алындым. 23 жашымда Түркияга окууга келдим.

- Алгач барганда кайсы жагдайлар сизге жагымдуу болду да, кайсы жагдайларга көнүү кыйынчылыкты жаратты?

- Биринчи жолу мен чыккан чет мамлекет – Түркия мамлекети болду. Тили, маданияты, эли бизге жакын болгон үчүн көп деле кыйынчылык болгон жок. Таң калтырганы өлкөнүн, шаарлардын тазалыгы, шаарды өнүктүрүү, көрктөндүрүү, тазалыгын сактоо боюнча мэрияларынын бири-бири менен жарышып иштегени болду.
Андан кийин Сельчукта окуп жатып университеттин Erasmus+ (гранттык) студенттердин алмашуу программасына тапшырып, Европадагы Чехия мамлекетинин Прага шаарына окууга кабыл алындым. Прага шаарынын чакан, кооз, тарыхый мурастарга бай жана сыйкырдуулугу таң калтырды. Тамактарынын көбүн жей албай кыйналдым, даамы жат келдиби, айтор, бир топ убакыт жакшы тамактанбай жүрдүм.
Жайнагүл Атамбекова Прагада - Ондон ашык өлкөнү кыдырыптырсыз. Калктары тууралуу кандай кызыктарды айтып бере аласыз?

- Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө элдин эмгекчилдиги жана кичи пейилдиги, билимдүүлүгү жылуу таасир калтырды. Көпчүлүгүнүн колдорунан китеп түшпөйт. Спортко жакын болушат экен. Мага бир аз кызык жана жат учураганы тамакты көчөдө көтөрүп алып эле жей беришкени болду (ред. жылмайып). Убакыттын тардыгынан болсо керек деп ойлоп коём. Калкынын маданияттуулугуна суктандым. Опера жана драма театрларында дайыма кезек күткөндөрдүн саны көп. Тарыхый мурастарына сый менен мамиле жасап аярлашат.

Жайнагүл Атамбекова БарселонадаОкуумдун арты менен 11 мамлекетти көрүү, саякаттоо насип болду. Тактап айтканда, Италия (Рим), Испания (Барселона), Франция (Париж), Венгрия (Будапешт), Австрия (Вена), Чехия (Прага шаары), Бельгия (Брюссель), Нидерланды (Амстердам), Германия (Берлин, Франкфурт шаарлары) жана Польшаны (Варшава, Гданьск, Вроцлав шаарлары) кыдырып чыктым. Ошондой эле Түркиянын да көп шаарын көрдүм.

- Чет өлкө сизди эмнеге үйрөттү?

- Чет өлкө мага, биринчиден, дүйнөлүк стандартка жооп берген билим берип жатат. Ошондой эле тил үйрөттү десем болот. Түркияда түрк тилин өнүктүрсөм, Европанын англис тилдүү өлкөлөрүнөн англис тилин тереңдеп үйрөндүм. Мындан сырткары убакытты жана финансылык каражаттарды туура пайдаланууга тарбиялады. Эмгекчил болууга үйрөнүп, көнүп калдым.

Жайнагүл Атамбекова Рим шаарында - Кыргыз жарандары топтолуп турат экенсиздер, ошондо аз да болсо мекенге болгон сагынычты таратып алсаңыз керек?

- Ооба, албетте. Европада да, Түркияда да кыргыз студенттеринин жолугушуусу, ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат. Чет өлкөдө мага жакканы - кыргыздар ынтымактуу жана бири-бирине дайыма жардам берип турушат. Мезгил-мезгили менен башка шаарларга саякаттар да уюштурулуп турат.
- Кыргыз жаштарына ийгиликке жетүү үчүн кандай кеңештерди сунуштайт элеңиз?

- Ийгиликтин сырын билем десем жаңылыштык болуп калат. Ийгиликти ар ким ар башкача түшүнөт. Ошондуктан мен максаттарыңарды максималдуу түрдө ишке ашырууга аракет кылгыла демекмин. Бул жолдо эң маанилүүсү туура багытта көп эмгектенүү жана өзүнө ишенүү деп эсептейм.

- Тил билүү менен мүмкүнчүлүгүңүз кеңейдиби?

- Ооба, тил билүү көп мүмкүнчүлүктөрдү алып келди. Мисалы, мага чет өлкөгө эшик ачты десем болот. Көп улуттуу жерде жашасаңыз тил билүү чоң жеңилдикти түзүп берет. Ошондой эле дипломдук ишимди жазууда да жардамы тийип жатат.

- Эми алдыдагы пландарыңыз кандай?

- Биринчиден, магистратурамды ийгиликтүү бүтүрүү. Өзүмдүн тармагымда мыкты адистердин катарын толуктоо жана ишкерлик чөйрөсүндө да өлкөнүн экономикасына аз да болсо салымымды кошуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bekhaliev
2019-03-28 12:11:21
Ото жонокойчулук,жанагы кызды кара чачын бирдемке кылып бойоп озун жоготуп койгон
-2
murat17
2019-03-29 15:58:46
молодцы сыртына окшоп ичин дагы таза болсо Аллахым колдосун
+1
Snejana
2019-03-30 18:44:09
Супер азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан