Украинада президенттик шайлоо өтүп жатат. 39 талапкер жарышка катышууда

Бүгүн, 31-мартта Украинада президенттик шайлоо өтүп жатат. Катышып жаткан 39 талапкердин 19у саясий партиялардын атынан чыгышса, 20сы өзүн-өзү көрсөткөндөр. Алардын арасында Украинанын учурдагы президенти Петро Порошенко, экс-премьер Юлия Тимошенко жана куудул Володимир Зеленский дагы бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда шайлоо участкалары эртең мененки саат 8:00дөн тартып 20:00гө чейин иштешет. 72 чет мамлекетте 101 шайлоо участогу иштеп баштады.

Шайлоого чейин жүргүзүлгөн сурамжылоодо эч кайсы талапкер биринчи турда 50 пайыздан ашык добуш топтой албай тургандыгы көрсөтүлгөн.

Сурамжылоонун 28-марттагы көрсөткүчү боюнча куудул Володимир Зеленский алдыда келе жаткан. Социалдык топтор түзгөн рейтингде аны украиналыктардын 26,6 пайызы колдоого даяр экени белгилүү болгон. Андан кийин экс-премьер, "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко (17 пайыз) болсо, үчүнчү орунда азыркы президент Петро Порошенко (10 пайыз) турган. Калган талапкерлерди колдогондор 10 пайызга жеткен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bekiw.801
2019-03-31 13:06:00
Бизде дагы ушундай шайлоо болгон эсиңиздерде болсо. Куудул Жамбылга чейин талапкерликке койгон. Кыргызстанды кайталап жатышыптыр да
+3
NikkiMartin
2019-03-31 14:34:27
bekiw.801,биздиги 89 болчу да. Ош базардагы Самсабай дан бери катышып.
+3
Take_men
2019-03-31 17:41:43
bekiw.801, даана айттың да экөөбүздөн башкасы баары койгон болчу хе хе
0
taalay25
2019-03-31 13:49:41
Жетекчиси коп элдин келечеги жок!
+2
newman
2019-03-31 16:41:39
Зеленский болушун каалайт элем. Рейтинг ошол тарапта турат азыр
+1
Dembele84
2019-03-31 21:43:48
Порошенкону жашыруун бюлетендерди камдап отурат шайлоого деди эле,бийликтен пайдаланып кайра эле ошол болуп албаса экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан