Түштүк Кореяда тартылган "Мыкты жигиттер" же "Гүлдөргө караганда балдар" аталышындагы сериал эсиңиздеби? Корей сериалдарын көрбөйм дегендер жок дегенде ушул сериалды көргөн болуп чыгары ыктымал. Ал 2009-жылы 5-январда эфирден берилип баштап, акыркы сериясы 31-мартта көрсөтүлгөн. Сериалдын башкы каармандары тууралуу кыскача айтып беребиз.
Гым Чан Ди - карапайым үй-бүлөдөн чыккан кыз. Өжөр, принципке турган оптимист, кечиримдүү жана алсыздарды коргоого дайыма даяр турат.
Гу Чжун Пё - F4`түн лидери, Кореядагы "Шинхва" аттуу ири компаниянын мураскери. Өлкөдөгү эң бай үй-бүлөнүн уулу. Ар кандай тоскоолдуктардан кийин сүйүктүүсүнө жетет.
Юн Чжи Ху - Түштүк Кореянын мурдагы президентинин небереси. Таланттуу музыкант. Скрипкада ойноп Гым Чан Динин көңүлүн бурдура алган. Ата-энеси жол кырсыгынан каза болгон. Кыйын учурда ага жардам берген модель кызды жакшы көрөт.
Со И Чжон - кыздарды бат-баттан алмаштырганы менен белгилүү. Үй-бүлөсү өлкөдөгү ири көркөм сүрөт музейине ээлик кылат. Карапа жасаганды жакшы көрөт. Гым Чан Динин курбусу Га Ылды жакшы көрүп калат.
Сон Ву Бин – F4`төгү Дон Жуан. Мушташууга жакын. Үй-бүлөсү курулуш компаниясына ээлик кылат.
10 жыл мурун чыгып, көптөгөн өлкөлөрдө мыкты деп табылган сериал жана анын эпизоддору тууралуу тесттен өтүп көрүңүз.