Зарыгып турган учурда тез акча табуунун жолу - күрөөкана. Зайымчы күрөөканага буюм таштаардан мурун эмнелерге көңүл буруусу керек?

Бардык эле адам бай жана жетиштүү жашоодо жашабайт. Учурда арабызда моюнунда насыясы жок адамды кезиктирүү кыйын болуп калды. Канчалаган адамдардын үй мүлкү банктарда күрөөдө турат. Миңдеген пайыздар менен тапкан ташыганын ай сайын насыяга төлөп берип отуруп калган үй-бүлөлөр аз эмес.

Айлыктан айлыкка жашап, кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүгү жок же болбосо көп суммадагы насыя алууга шарты жок жарандар үчүн тез аранын ичинде шашылыш акча ала турууга жардамга келген өлкөбүздө күрөөканалар көп. Зарыгып турган учурда ажат ачкандай зер буюм, гаджеттер, ноутбук же телефонду убактылуу күрөөгө коюп акча ала калганга оптималдуу жол эмеспи. Анкени менен күрөөканалардын бардыгы эле аз пайыздык коюмдар менен акча берип, Конституцияда негизделген мыйзамдар менен иштей беришпейт.

Бишкекте эмне көп? Бишкекте кадам сайын күрөөкана көп. Арасынан “Альфа-Ломбард” күрөөканасынын шарттары, пайыздары, зайымчы менен болгон келишимдери көңүл бурууга арзыйт.

Күрөөкана десе эле көчөнүн бир кычыгында же туюк көчөлөрдө жайгашкан имараттын бурчундагы кичинекей терезе же күркө элестелет. “Альфа-Ломбард” дал ушул стереотипти жарган борбор калаадагы бирден бир күрөөкана десек болот. Күрөөкананын имаратына баш бакканда кардарлар үчүн абдан ыңгайлуу, жагымдуу атмосфера түзүлөт.

“Биз ар дайым кардарлардын талаптарын эске алабыз. Ошондой эле күрөөгө келген ар бир буюмду же кыймылдуу мүлктү кымбат жана реалдуу баалап берүүгө аракеттерибизди жумшайбыз. Биз кандай жол менен болсо дагы кардарлардан акча өндүрүп калууну максат кылбайбыз. Тыйындын эки бети бар дегендей, күрөөканага келген адам зарыгып жатканынан баалуу нерсесин күрөөгө коюу үчүн аргасыз болот. Биз анын ишеничин актап, буюмду мыйзамдын негизинде пломбалап, жайлуу жерде сактоого кепилдик беребиз”, - деди “Альфа Ломбард” күрөөканасынын менеджери Умед Нарзикулов.

Алтын зер буюмдардын бааларын жана салмагын аныктоо үчүн атайын билими бар адистер иштешет. Ошондой эле буюмду күрөөдөн чыгарып кетүү үчүн зайымчынын мүмкүнчүлүгү жок болуп калса, анын мөөнөтүн узартуу иштери аткарылат. Бишкекте эгер кардар өз мөөнөтүндө буюмун күрөөдөн чыгарып кете албай калса, эптеп буюмдун көзүн тазалап сатып жиберген күрөөканалар да жок эмес.

Күрөөканага буюм таштоодон мурун кардар эмнелерге көңүл буруусу керек?

Күрөөгө коюлган мүлктүн укук ченемсиз пайдаланылышына жол бербөө максатында ал пломбаланууга жатат.

Күрөөкананын кардарларды тейлөөчү бардык жайларында төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган стенддер жайгаштырылууга тийиш:

1) күрөөкана тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана тартиби тууралуу;

2) күрөөкананын кызматынан пайдалануу үчүн зарыл документтердин тизмеги жөнүндө маалымат;

3) күрөөкананын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеги жөнүндө маалымат;

4) күрөөканада колдонулуучу учурдагы пайыздык коюмдар жөнүндө маалымат;

5) натыйжалуу пайыздык коюмдар жөнүндө маалымат;

6) кардарлардын укуктары жөнүндө маалыматтар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан