Кытайда 26-кабаттан кулап түшкөн кыз аман калды

Кытайда 6 жаштагы кыз көп кабаттуу үйлөрдүн 26-кабатынан кокустан кулап кетип, аман калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Кыздын кулап жерге түшкөнү көп кабаттуу үйгө орнотулган камерага түшүп калган. Анда кыз жерге кулап түшүп, бир канча секунддан кийин ордунан туруп басып кеткенин көрүүгө болот.

Бул окуя 2-апрель күнү Чунцин шаарында болгон. Кызды ооруканага алып барышканда анын оң колу сынганын айтып, дарыгерлер көзөмөлгө алышкан.

Кытайда 26-кабаттан кулап түшкөн кыз аман калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NURSAPAR
2019-04-09 09:02:49
Кырк жыл кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт.
+10
ninja82
2019-04-09 10:58:45
Аллах кудуреттуу
+3
Komrad
2019-04-09 17:47:51
Байкуш кыз, омурун узун болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан