Белгилүү саясатчы, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын адамдын добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип конот. Ошол эле күнү "Республика" партиясынын өкүлдөрү митинг өткөрүүнү пландап жатышат.
Өмүрбек Бабановдун тарапташтары, коомдук-саясий ишмерлердин жыйыны өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта 13-апрелде 14:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Ага 10 миң адам катышары күтүлүп жатат. Бул боюнча тийиштүү билдирүү мэрияга бүгүн, 10-апрелде жөнөтүлгөн.