Каргабаев: "Өмүрбек Бабановду өлкөгө келтирбөө аракеттери болууда"

Бүгүн, 12-апрелде Өмүрбек Бабановдун өкүлү Ислам Каргабаев маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал "Кыргызстан" коммерциялык банкынын рейдерлик жол менен басылып алынганы тууралуу маселелер Өмүрбек Бабановду каралоо, аны өлкөгө кайра келтирбөө аракеттеринин бири деп эсептей турганын айтты.

"Өмүрбек Токтогуловичтин келерине аз калганда күч органдары жандана баштады. Мисалы, Бабановдун туугандары суракка чакыртылды. Бүгүн атайын маалымат жыйын өткөрүп, "2008-жылы Бабанов "Кыргызстан" банкынын рейдерлик жол менен басып алган" деген маалыматтарды айтышууда. 2006-жылы Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан" банкынын 30 пайыз акциясын 2,5 миллион долларга сатып алган. Кийин 2008-жылы дагы 60 пайызын акционерлерден 20 миллион долларга сатып алган. Ошону менен банктын 90 пайыз акциясына ээ. Калган 10 пайызы башка акционерлерде", - деди Каргабаев.

Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Өмүрбек Бабановдун жээни Жаныбек Мырзабаевди 5 саат суракка алган. "Бирок ал "сурак учурундагы сүйлөшүүлөр сыртка чыкпайт" деп тил кат жазып бергендиктен эмне жөнүндө сөз болгону белгисиз", - деди Бабановдун өкүлү.

Эртең, 13-апрелде Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келери күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан