"Республика" партиясы: "Өмүрбек Бабанов менен пландалган жолугушуулар өз убагында, мыйзам чегинде өтөт"

Саясатчы Өмүрбек Бабанов менен пландалган жолугушуулар өз убагында, мыйзамдын чегинде өтөт. Бул тууралуу "Республика" партиясы тараткан билдирүүдө айтылат.

Билдирүүнүн тексти:

"Президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун Кыргыз жерине кайтып келүүсүн колдоп чыгып жаткан жаштарды, аксакалдарды да улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү суракка алып, куугунтуктоосу күч алды.

Кечээ, 11-апрелде Жалал-Абад шаарында өткөн маалымат жыйынга катышкан жаштарды, анын ичинде Айыке Шайымкулова, Айбек Бегалиев, Улук Шадыканов жана Келдибек Жээнбековду бүгүн УКМК менен ИИМге өздөрү гана эмес, ата-энелери дагы чакыртылып, коркутууга дуушар болушкан. Талас шаарында өткөн маалымат жыйындын катышуучуларын, анын ичинде 80 жаштан ашкан аксакалды да облустун губернатору бирден чакыртып алып, “суракка” алган.

Өмүрбек Бабанов 13-апрелде саат 14:50дө учуп келем деп маалымат тараткандан кийин дал ушундай куугунтуктоо иштери күчөдү. Президенттикке экс-талапкердин жакын тууганын да Каржы полициясы эки күндөн бери күбө катары суракка алууда. Аны менен бирге Бишкек, Талас жана Каракол шаарларында жергиликтүү бийлик Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу өтө турган аянттарга чыгууга уруксат бербей, сот аркылуу башка жайларга котортууда.

"Республика" саясий партиясы бийлик өкүлдөрүн мыйзамдуулукка чакырат жана 13-апрелде саат 14:00дө жолугушуулар сөзсүз мыйзам чегинде өтө турганын маалымдайт. Андыктан Өмүрбек Бабанов менен жолугушууну каалаган тарапташтарды, бийлик өкүлдөрүн, депутаттарды, саясий жана коомдук ишмерлерди биримдик, адилеттик жана өнүгүү ураандарынын алдында өтчү дал ушул жолугушууга чакырабыз.

Айта кетчү жагдай, Бишкек шаарында өтө турган Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда 10 миң катышуучулардын жана шаардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча "Республика" партиясы Ички иштер министрлиги менен меморандумга кол коюлду. Андан тышкары, ар бир жолугушуу өтчү жайда коопсуздукту сактоо максатында ыктыярчылар тобу түзүлгөн. Таштандыларды тазалоо кызматтары менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Ошондой эле концерттик программа белгилүү маданият кызматкерлеринин катышуусунда өтөт".

Белгилүү болгондой, Бишкекте Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда ырчылар Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Ильяз Абдразаков, Курал Чокоев, Анжелика Кайратова, Толгонай Арзыкеева, Бактияр Токторов, Каныкей Раймалиева, Бек Исраилов жана Айганыш Абдиева ырдашат. Ал эми Таластагы концертке Урмат Усенов, Неля жана Омар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан