Бүгүн, 13-апрелде Ички иштер министрлиги экс-депутат Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына митингдин катышуучулары мыйзам чегиндеги талаптарды аткарбаган учурда чара көрүлө турганын эскертти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Акыркы мезгилдерде маалымат каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө Өмүрбек Бабановдун Кыргыз мамлекетине кайтып келишине байланыштуу ар кандай багыттагы акцияларды өткөрүү боюнча байма-бай маалыматтар тарап жатат. Ошол себептүү Ички иштер министрлиги, кандай гана акциялар, митингдер, коомдук иш-чаралар болбосун коомдук тартипти сактоо менен анын мыйзамдуу өткөрүлүшү керектигин белгилейт. Коомдук иш-чаралар учурунда укук бузган аракеттерге жол берилбей тургандыгын эскертет. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында комплекстүү ар тараптуу аракеттерди көрөт. Ошондой эле министрлик мыйзам бузууларды, провокация жасоого аракеттенүү, жарандардын укугун бузууга байланышкан жагдайлар ачыктала турган болсо, анда кескин түрдө мыйзам чегинде чараларды көрөт", - деп жазылат маалыматта.
Бабанов бүгүн Кыргыз мамлекетине келбей калганын айтты. Буга чейин ал Кыргыз өлкөсүнө бүгүн саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын билдирген.