"Республика" партиясы: "Бабановду колдоо үчүн өтө турган митингдерди токтотуп жатабыз"

Бүгүн, 13-апрелде экс-депутат Өмүрбек Бабановду колдоо үчүн өтө турган митингдер токтотулуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Республика" партиясынын өкүлү Канат Мидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Бабановдун кайрылуусунан кийин өлкөнүн төрт шаарында өтө турган митингдердин бардыгы токтотулуп жатат. Митинг Бишкек, Талас, Нарын, Каракол шаарларында өтмөк.

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө келбей калганын билдирди. Ал бүгүн өтө турган тынчтык митингди токтотууну суранды.

Буга чейин Бабанов Кыргыз өлкөсүнө бүгүн саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын билдирген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан