Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш иштеринин бири каралды. Учурда сот айыпталуучулар чечим чыгаруу үчүн кеңешүү залына кирип кеткен.
ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча айыпталып жаткандар "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков, "Электр станциялар" компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев, ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу, ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков, "Электр станциялар" компаниясынын башчысынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов.