Орусия Сириянын Тартус портун 49 жылга ижарага алды

Орусия Сириянын Тартус портун 49 жылга ижарага алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде портту ижарага алуу боюнча Орусиянын вице-премьер министри Юрий Борисов менен Сириянын президенти Башар Асаддын жолугушуусунда келишим түзүлгөн.

"Тартус порту алдыңкы 49 жыл ичинде Орусиянын карамагында болот. Бул эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу үчүн жакшы шарт түзөт. Жаңы келишим биринчи кезекте Сириянын экономикасына оң таасирин тийгизет деп үмүттөнөм", - деп билдирген орус вице-премьери.

Тартус порту Сириянын түндүк батышында, Ливандын чек арасынан 25 километр алыс аралыкта жайгашкан. Аталган аймакта Орусиянын аскердик базасы жайгашкан.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргыз өлкөсү Орусияга болгон карызы үчүн Ысык-Көлдү 99 жылга ижарага алууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tolkun555
2019-04-21 12:31:12
Америка алгандан коро Россмя алганы жакшы го.
+2
Take_men
2019-04-21 12:36:50
Сирияга эми Америка тийише албайт
+1
Chungyz
2019-04-21 12:43:34
Ошто не гапх
-3
salimbek87.kg
2019-04-21 13:20:28
Chungyz,ошто шо гап
+1
gute
2019-04-21 13:48:30
Америкага ырас болот. Турция дагы С-400ду сатып алып атат Американын каршы чыкканына карабай. Дуйного Американын бийлиги орногондон коро Россиянын бийлиги орносун
+10
FC-Abdish-ata
2019-04-21 13:51:56
Россия менен дос болгон мамлекеттер онукбойт!жана кризис,коррупция, криминал башкарат! США менен дос болгондор Гулдоп онугот!
0
gute
2019-04-21 14:11:41
FC-Abdish-ata, США менен дос болгондордо омур бою согуш болот. деп жазсан окшошмок
+8
Momun...
2019-04-21 15:29:01
FC-Abdish-ata, жана дагы США менен дос болгон мамлекеттерде ГОМОСЕКСУАЛИСТТЕР гулдоп кобойот.
+2
daniel87
2019-04-21 19:32:05
FC-Abdish-ata,мен озум Россияда жашайм! Сиз 100%колдойм! Европа Америкадан 100арттабыз,эжекем Америкага барып келип жомок у айтып берди, кочолорун шампунь менен жууйт экен, ошого алар бут кийими менен уйуно кирип кетет экен да корсо кинодо ххаахэаа
-2
talant87
2019-04-21 13:54:49
Ысык-Көлдү 99 ижарага алууну сунуштаган
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/269677/ жылга
0
elchi84
2019-04-21 14:25:49
Америка бизге окшогон элдерди аборегендер деп ойлошот анан бизге жакшы мамиле кылмак беле ?
+4
Wibee
2019-04-21 18:38:23
Силер дуйнолук саясатты эч качан тушунбой олуп кетесинер.Урпактар учун коз карандысыз жарык жашоо учун кучтуу мамлекет куруп кетуу учун билим алып окуп олгуло.Башка эл,башка маданият,башка тил,башка улут,башка дин,башка олко,силерди кантип ойлоп онуктурот ойлонсонор эй манкурттар.Темболее кудайга ишенишбеген убал соопту билбеген каапырлар.
+2
tursunbaev78
2019-04-21 22:21:02
Wibee,туура айтасың Россия деле Америка деле Кыргызстандын өнүп өнүгүп кетишине кызыкдар эмес,себеби өнүгүп кетсең баш ийбей каласың,ушинтип жашаганыбыз айрыкча Россияга жагат,анда санда балага упчу бергендей 10-20 миллион доллар берип алдап койот
+1
Kylychisa
2019-04-21 20:30:59
Супер кж Адахан М деген бар эле уну чыкпай калды эмнеге? барып анын да ойун жазып турчу эленер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан