Европа өлкөлөрүнүн сахнасында тромбон ойногон, орус улутундагы келинчегин өз фамилиясына өткөргөн 24 жаштагы музыкант Ринат Балхаш уулу тууралуу фактылар

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Талыкпай эмгектенип, изденүүнүн арты менен ийгилик жаратып, башкаларга үлгү боло алган кыргыз жаштарынын саны арбын. Алардын бири Ринат Балхаш уулу учурда Орусиянын Гнесиналар атындагы музыкалык академиясында билим алып жатат. СССРдин Эл артисти Юрий Башметтин долбоордук оркестринде ойногон Балхаш уулу жөнүндө SUPER.KG порталына анын апасы Айнура Кийикбаева баяндап берди.

"Стипендиясын жол кире кылып, окуу жайга тапшырган"

- Чүйдүн Сокулук районунан болобуз. 2 уул, 1 кызыбыз бар. Ринат эң кичүүсү. Бала чагынан музыкалык жөндөмүн байкап, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайына бергенбиз. Ал жактан 9 жыл билим алды. Окууну бүткөн жылы биз Орусияда иштеп жүргөнбүз. Бизге телефон чалып "президент Алмазбек Атамбаевдин колунан стипендия алдым. Жол киреге ушул акчаны сарптап, Москвадагы Гнесиналар атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып көрөйүн" деп калды. Алгач дүйнөгө белгилүү орус жылдыздары чыккан окуу жайга өтөрүнө деле көзүбүз жеткен жок. Бирок уулубуздун көңүлүн калтырбай макул болдук.

Кирүү экзаменин тапшырган соң жыйынтыгын билгени барсак уулубуз үйлөмө аспаптар бөлүмүнө өткөн студенттердин арасынан эң жогорку упайды алыптыр. Экзамен алган мугалим чыгып Ринаттын кайдан келгенин, кайда окуганын сурап, "сиздин балаңыздын музыкалык жөндөмү Моцарттыкындай экен. Мындай талантты кайда катып жүргөнсүңөр?" деп таң калганын айтты. Ошентип Ринат тромбонист багыты боюнча окуп калды. 4 жыл окугандан кийин 2016-жылы колледжди аяктап, ошол эле окуу жайдын академиясына тапшырды. Учурда 3-курста окуп жатат.

Окууга өткөнүн Бишкектеги мугалими Шейшен Сагымбавге чалып сүйүнчүлөсө кубанганынан ыйлап жибериптир. Ошондон 2 ай өтпөй ал киши жубайы экөө жол кырсыгынан каза болуп калышкан. Агайынын каза болгонун угуп, Ринат көпкө чейин кайгырып жүрдү.

"Колуктусу Нина менен Сочидеги олимпиаданын жабылышында таанышкан"

- Колледжге тапшырган алгачкы жылы конкурска катышып, СССРдин Эл артисти, белгилүү дирижёр Юрий Башметтин оркестрине кабыл алынган. Азыркыга чейин ошол оркестрде ойноп келет. 2014-жылы Башметтин оркестринин катарында Сочиде өткөн олимпиаданын жабылышында ойногон. Ал жактан Нина аттуу альтист кыз менен таанышып калыптыр. Бири-бирин жактырып калышып, бир топ сүйлөшүп жүрүштү. Балам мага келип "апа, мени түшүнгөн, музыка дүйнөсүндөгү адамга үйлөнүшүм керек. Менин тандоомо туура түшүнүү менен мамиле кыласыз деп үмүттөнөм" деп айтты. Биз каршы болгон жокпуз. Балам колуктусун үйгө алып келип, мен ага жоолук салып, кадимкидей кыргыз салты менен экөө баш кошушту. Келинибиз кыргызга келин болдум деп Ринаттын фамилиясын кабыл алган. Азыр Ринат Балхаш жана Нина Балхаш деген ат менен чыгып жатышат. Нина орус улутунан. Орусиянын эл артисти Павел Когандын оркестринде ойнойт. Бизди кыргызча "ата", "апа" дейт. Казы-карта, чучукту жакшы көрөт. Өзү, ата-энеси - абдан жөнөкөй адамдар. Толятти шаарынан болушат.

"Алган билимимди мекениме жумшасам деген каалоосу күчтүү"

- Ар жыл сайын жайкы каникул учурунда Бишкекке барып, Улуттук консерваториянын студенттери үчүн мастер-класстарды өткөрүп турат. Бул жактан алган билимимди өзүмдүн туулган жериме жумшап, жаш таланттарды тарбиялап чыксам деген тилеги бар. Бирок азыр жашмын, такшалышым керек деп жүргөн убагы. Былтыр барганда консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевге кирип, Орусиянын музыкалык окуу жайлары менен иштешүү боюнча долбоорлорун көрсөтүп, идеяларын айткан. Бегалиев да абдан кызыкдар болуп, бирок анын баарын ишке ашырууга бюджетте акча жок экенин айтыптыр. Тилекке каршы, ошону менен ал максаттары ишке ашпай турат".

"Бир нече өлкөлөрдүн сахналарында ойногон"

- Башметтин оркестринин катарында ар кандай гастролдук турларга чыгып турат. Австрия, Франция, Италия, Германия, Бельгия, Нидерланды, Щвейцария сыяктуу өлкөлөрдүн сахналарында ойноп келди. Бир топ конкурстарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Мындан сырткары башка оркестрлерде да келишим менен ойноп турат. Башметтин оркестри долбоордук оркестр болгондуктан ал жактан маяна албайт. Стипендиясы, келишим менен ойногон оркестрлерден алган гонорарларын кошкондо айына жакшы эле акча табат. Жакында Москва шаарынан батир сатып алууну көздөп жүрөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2019-04-24 10:28:31
Азамат жигит экенсин молодец,келинчеги кинодогу Нинага да окшоп кетет экен )))
+3
Li-Li
2019-04-24 11:55:58
Эмне кыргыз кыз куруп калыптырбы,ошол орустун эмнеси артык экен озубуздун соонун кыздар турса башкага уйлонуп алганын,Анын эмнесине мактанасынар деп баштайлы кыздар)))))
Кимге уйлонсо да озун тушунгон, колдогон адамга уйлонуптур, сонун пара экен ,бактылуу болушсун
-3
MederBek-Esenbai
2019-04-24 13:40:58
Азаматсын
+1
aliya-leyla
2019-04-24 15:02:32
Азыр кыздар болгондо кыргыз куруп калыппы соз менен Ур токмокко алмаксынар. Аялы жакшына экен деп отурасынар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан